Ымыркайдын көзүн алган илдет... Кыргыз медицинасы аппараттан аксаганда

Кыргызстанда ара төрөлгөн ымыркайлардын көзү өрчүбөй калгандыктан ретинопатия илдетине чалдыккан учурлары бар. Өкүнүчтүүсү, республика боюнча бул ооруну аныктоочу жана дарылоочу кесипкөй адис жана аппарат жок.
Sputnik

Айына жетпей төрөлгөн балдардын ретинопатиясы — көз оорулардын эң оору болуп саналат. Айрыкча бир киллограмм салмакка жетпей төрөлгөн бөбөктөрдө көп кездешет. Казакстан бул ооруга каршы иш баштаганына он жыл болгон. Ал эми Кыргызстан эми ойгонуп жатат.

Эне жана баланы коргоо борборунун оорулуу жана ара төрөлгөн ымыркайлар бөлүмүнүн башчысы Сагын Абдувалиева жана врач-офтальмологу Айдай Базарбаева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ретинопатия боюнча маек беришти.

Ымыркайдын көзүн алган илдет... Кыргыз медицинасы аппараттан аксаганда

— Ретинопатия оорусу тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

Айдай Базарбаева: — Мамлекетте жылына 150 миңден ашык бөбөк жарыкка келет. Алардын ичинен ара төрөлгөн балдардын саны 7 миңден ашат. Айына жетпей төрөлгөндөрдүн 35 аптага чейинкилеринин өзгөчөлүктөрү болот. Организм жакшы өрчүбөшү толук мүмкүн. Азыр 22 аптадан баштап төрөлгөн наристелерди бала деп эсептеп калдык. Бирок алардын саламаттыгында маселе жаралып жатат. Башкы маселе — көзүнүн көрүүсү же ретинопатия оорусу. 22-28 аптага чейин төрөлгөн балдар 37 аптага чейин тез-тез дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп турат. Айына жетпей төрөлгөн ымыркайларда көзү өрчүбөй төрөлгөндүктөн, көздөрүнүн чел кабыгы өспөй калып, ретинопатия оорусуна чалдыгышууда. Көздүн көрө турган өзгөчөлүгү төрт бөлүктөн турат. Эгер ички кабыктан залалдуу тамырлар өсүп кетсе, адам көрбөй калышы мүмкүн.

Ретинопатия азыркы заманда кездеше баштаган, динамикалуу илдет. Ар түркүн формасы бар. Ара төрөлгөн ымыркайлардын ретинопатиясы көз оорулардын эң оор түрү. Муну дарылоо өтө кыйын. Айыкпай калышы да мүмкүн. Өнүккөн өлкөлөрдө да бул оору көйгөй жаратып, көз көрбөй калуунун биринчи себеби катары белгиленген.

Ымыркайдын көзүн алган илдет... Кыргыз медицинасы аппараттан аксаганда

— Ара төрөлгөн балдардан ретинопатияны кандайча аныктай алабыз?

Сагын Абдуллаева: — Ара төрөлгөн ымыркайлардын саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Айрыкча, 1000 граммга жетпеген салмактагы ымыркайлар көп төрөлүүдө. Жөнөкөй эле көз доктур ретинопатияны аныктай албайт. Бизде бул илдетти аныктап, дарылоочу адистер жана жабдуулар жок. Дүйнөлүк ыкма менен алып караганда, ретинопатияны дарылоо үчүн эң жакшы медициналык "Редкам" жабдуусу эсептелет. Анын жардамы менен аппаратта жаткан ымыркайды да текшерүүгө мүмкүн. Ал көздүн ички кабыгынын төрт чоң бөлүгүн тең так көрө алат. Эгер ички кабыкка тамыр өсүп бара жатканы аныкталса, лазер менен күйгүзүп токтотуп калат.

— Кыргызстандагы төрөт үйлөрүндө ретинопатияны аныктаган адис жокпу?

Апа, мен сизди көрөмбү?.. Ара төрөлүп, аппаратка байланган наристелер
С.А.: — Ретинопатия дүйнөлүк чоң көйгөйгө айланып калды. Аны аныктай турган дарыгердин билим деңгээли да жогору болушу керек. Бишкектеги жана Оштогу чоң перинаталдык борбор, ошондой эле облустук деңгээлдеги төрөт үйлөрү бул илдетти аныктоочу адиске муктаж. Ал эми райондук деңгээлдеги ооруканалар айына жетпеген балдардын төрөтүн кабыл албашы керек. Алар облустук же мамлекеттик деңгээлдеги төрөт үйлөрүнө жөнөтөт. Германия мамлекетинин каржысы менен салынып жаткан жаңы чоң перинаталдык борбор быйыл ишке киргизилсе жакшы болор эле. Себеби ретинопатияны аныктоочу жабдыктар ошол жерге коюлат. Республика боюнча ахыбалы оор бөбөктөрдүн баары ушул жерге жөнөтүлмөк. Өткөн аптада ымыркайларды көзөмөлдөгөн дарыгерлер менен көз доктурлар чогулуп ретинопатияны талкуулап, сунушубузду министрликке жана өкмөткө бердик.

— Эне жана баланы коргоо борбору бул ооруга каршы кандай иштерди жасоодо?

А.Б.: — Өткөн жылдын сентябрында Бишкекте ара төрөлгөн эки баладан ретинопатияны аныктаганбыз. Ушундан улам ал ооруну аныктоого жабдуубуз, кесипкөйлүгүбүз, квалификациябыз жоктугуна карабай, болгон мүмкүнчүлүктөр менен иликтеп, жогору жактарга коңгуроо кага баштадык. Колдо болгон бинокулярдуу офтольмоскоп аппаратыбыздын жардамы менен алыбыздын келишинче иштеп жатабыз. Бул аппарат көздүн ичин болгону 50 пайыз гана көрө алат. Аталган борбордо наристелерге үч айдан бери байкоо жүргүзүп жатабыз. Ретинопатия боюнча чыккан статистикалык маалыматтарды биздин жетекчиликке көрсөткөнүбүздө, алар тараптан дароо каралып протокол кабыл алынды. Ага ылайык, өлкөдөгү айына жетпей төрөлгөн 35 аптага чейинки балдар багыттамасыз эле биздин борбордон скринингден өтө алышат. Тилекке каршы, учурда бул ооруга так диагноз коюп же айыктыруу мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ошентсе да, ретинопатиянын белгилери байкалса дароо жакынкы чет өлкөгө дарыланууга жөнөтүүгө жардам берүүдөбүз. Бирок чет жакка жиберүүдө ымыркайлардын паспорт маселеси көйгөй жаратууда. Себеби чет жакта дароо паспорт талап кылышат. Бизде күтүүгө убакыт жок.

— Жабдуу тууралуу өкмөткө, тийиштүү министрликке кат жыздыңыздарбы?

Баланын 3 жашка чейин тили чыкпаса, врачка кайрылуу керек! Невропатологдун маеги
С.А.: — Саламаттыкты сактоо министрлигине Оштогу жана Бишкектеги перинаталдык борборго эки аппарат керек экенин айтканбыз. Өлкөдө ымыркайлардын 60 пайызы түштүк аймакта төрөлөт. Бизде "Дени сак адам — өнүккөн мамлекет" аттуу 2020-2030-жылдарга карата чоң программа кабыл алынган. Аталган программанын ичиндеги балдарды колдоо бөлүмүнө ара төрөлгөн балдардын ретинопатиясы да киргизилди.

— Аппараттын баасы канча турат?

А.Б. — Америкалык бир сайтта "Редкам" аппаратынын баасы 80 миң доллар деп жазылып турат. Чындыгында анык баасын билүү кыйын. Аппаратты чыгаргандар аны ачыктай беришпейт. Лазердин баасы болжол менен 50 миң долларга барат. Көп жыл мурда бул техниканы Алматылык кесиптештер алышканда барганбыз.

— Алматыда 2019-жылдын жыйынтыгы менен ретинопатияга кабылган учур катталбаптыр. Биз эмнеге эми гана аракет жасап жатабыз?

А.Б.: — Менин билишимче, Казакстанда ретинопатияга каршы кызматы иштеп баштаганына он жылдын жүзү болду. 2009-2010-жылдары Алматыдагы дарыгерлер тобу айына жетпей төрөлгөн ымыркайлардын ретинопатияга кабылуусун алдын алуу боюнча иштерди жасап баштаган. Он жылдык эмгектен кийин гана алар аталган оорудан улам көз көрбөй калууну жоюуга жетишти. Бул дароо эле ишке ашып кеткен жок. Мындай кызматты түзүп, адистерди даярдоо үчүн аларга беш жыл убакыт кетти. Билишимче, биздин өлкөдө ретинопатияга чалдыккандар өтө көп санда эмес болчу.

— 2019-жылдын жыйынтыгы менен алганда ретинопатияга чалдыккан балдардын так саны барбы?

Төрөттөн коркуп арак ичип алган келинди сактай албай калдык. Гинекологдун маеги
А.Б.: — Үч айлык кароодон өтүп жаткан 34 ара төрөлгөн ымыркайдын 30 пайызында ретинопатия аныкталды. Ара төрөлгөн үч балада көздүн чел кабыгы өспөй калгандыгын байкадык. Алардын бирөөсүн Алматыга алып барып операция жасатып, бир көзүн сактап калдык. Ал эми экинчи кыз абдан алсыз болгондуктан, жолдо алып жүргөндөн кооптондук. Үчүнчү ымыркай 2 кг 400 грамм төрөлсө да, ретинопатия дарты бар экени билинди. Медицинада мындай салмакта төрөлгөн ымыркайда ретинопатия болбошу керек эле, бирок ушундай учур Кыргызстанда катталды. Айына жетпей төрөлгөн наристелердин 45 аптага чейин көзөмөлдөө болуусу керектигин айтабыз. Бирок алыскы өрөөндөгү ата-энелердин буга шарты жок болуп калууда.

— Дарылоо жолдору кандай?

А.Б.: — Ретинопатияны дарылоонун негизги үч ыкмасы бар. Алардын ичинен эң тагы лазердик жол менен дарылоо. Бул бизде жок болуп жаткан атайын жабдуунун жардамы менен жасалат. Экинчиси, 1990-жылдарга чейин жасалып келген эски ыкма — криотерапия жолу. Үчүнчүсү, заманбап препарат— anti-VEGF. Бул тамырлардын өсүшүн алдын алат. Дүйнөдө муну пайдалануу боюнча бир нече изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Кээ бир өлкөлөрдө аны биоэтикалык комитеттин уруксаты менен колдонушат. Аталган дарыны колдонууда чоң маселе бар. Себеби башка органдарга зыянсыздыгы далилденген эмес. Ал эми аны организми толук өрчүй элек, алсыз ара төрөлгөн ымыркайларга колдонуунун кесепети кандай болору белгисиз. Башкача айтканда, башка органдарына зыян келтирип коюшу мүмкүн. Эң негизгиси неврологиялык өнүгүшүнө коркунучу бар.

— Саламаттыкты сактоо министрлиги бул жаатта кандай иштерди жүргүзүүдө?

О дүйнөнү "көрүп келгендер" алгач эмне дешет? Реаниматологдун маеги
С.А.: — Саламаттыкты сактоо министрлиги да учурда ретинопатияга көңүл буруп жатат. Эң негизгиси жаңы салынып жаткан перинаталдык борборго жабдуулар коюлат. Ал борбор апрелде ишке кириши керек эле, бирок бир аз кечеңдеп турат. Бул перинаталдык борборго "Редкам" жана лазердик аппараттын коюлушу күтүлүүдө. Экинчиден, 7 облустук төрөт үйүнө, Бишкек жана Ош шаарындагы эки перинаталдык борборго, Эне жана баланы коргоо борборуна, үчүнчү деңгээлдеги төрөт үйүнө ретинопатияны аныктай ала турган көз доктурларды даярдоо планы турат. Учурда мындай адистерди мамлекеттин жана донорлордун каржысы менен чет жактагы эң жакшы клиникаларда даярдап келүү зарылдыгы айтпаса да белгилүү.