Жолдошбековду жана байге алган бир нече спортчуну "Манас" эл аралык аба майданынан федерация өкүлдөрү, жакындары жана журналисттер тосуп алды.
Алгач балбанды көргөндөр жаракат алды деп ойлогон эмес. Ал аэропортто журналисттерге суроо бердирбестен абалын өзү түшүндүрдү.
Айтымында, экинчи айлампада ирандык балбан менен күрөшүп жатканда жаракат алган. Саламаттыгынан улам кийинки финалдардагы беттештерден баш тартууга туура келип, бирок кайра катышууга бел байлаган.
"Экинчи айлампада иран балбаны менен күрөшүп жатканда көзүмө колун тыгып жиберип, ичи айрылып кетти. Мелдештен чыгаралы деп, бирок агайлар бир айлампа күрөшүп көр дешти. Индус атаандаш менен кармашып, финалга чыктым. Ага да катыштырбай коелу дешти, бирок врачыбыз Бактыгүл Насыровна дары таап тамызып, бир аз жакшы болуп калып, финалда утуп алдым. Ушул беттеш мен үчүн абдан оор болду. Минтип көзгө жаракат алганда дүйнө чемпиону болобу, Азия чемпионаты болобу, бир тыйын болуп калат экен. Ошон үчүн эң биринчи ден соолук керек экен. Азыр ким, канча киши келди, жакшы көрбөй жатам", — деди ал.
Улукбек эркин күрөштү аркалаган балбандын сап башы болуп келет. Ал былтыр 23 жашка чейинкилер арасында Азия жана дүйнө чемпионатын багындырган. Ошондой эле бир катар эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.
Күрөштүн түрлөрү боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күндөрү Нью-Дели шаарында өттү. Мелдеште Кыргызстандын улуттук курама командасы 11 медаль багындырды. Анын экөө алтын, үчөө күмүш жана алтоо коло.