Тажик басылмалары КР менен жер алмашуу болгонун жазды. Кыргыз өкмөтүнүн жообу

Тажикстан ЖМКлары эки өлкөнүн бийлиги талаштуу аймактардагы 23 гектар жерди алмашты деген маалымат жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстан жер алмаша турган болду деп жазды Asia-Plus басылмасы.

ЖМКнын билдиргенине таянсак, Баткенде эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация маселеси боюнча отурумга чогулган.

"Тажик-кыргыз вице-премьерлери Азим Иброхим жана Акрам Мадумаров жетекчилик кылган отурумда тараптар тарыхта биринчи ирет чек аранын талаштуу жерлеринин 23 гектарын алмашуу боюнча макулдашты", — деп жазган басылма. Алар бул маалыматты тажик делегациясындагы өзүнүн булактарынан алгандыгын билдирген.

Бул маалымат боюнча кыргыз өкмөтү комментарий берди.

"Жыйынга мындай комментарий берүү эртелик кылат деп ойлойбуз. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы делимитация жана демаркация маселелерин чечүү сүйлөшүлүп, иштелип жатат", — деп айтышты өкмөттүн маалымат кызматынан.

Жумушчу топ Тажикстан менен жер алмашуу боюнча ишке киришти
Анткен менен буга чейин мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Аркас (Көк-Таш айылынын жанында) менен Самаркандек айылынын жанындагы жер тилкесин алмашуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген эле.

Кыргыз өкмөтү буга чейин берген маалыматында тараптар жолугушуу учурунда кыргыз-тажик чек арасынын калган тилкелериндеги чек ара сызыгын чийүүнү эртелетүү тууралуу сөз кылганын билдирген.

Ошондой эле чек араны делимитациялаганга чейин Баткен району менен Исфара шаарынын ортосундагы чек ара сызыгында туташ болбогон жана ортодо калган тилкелерди чечүү маселесине токтолгону кабарланган.

Андан соң топографиялык топторго мамлекеттик чек аранын долбоордук сызыгын чийүү маселесин кароо тапшырмасы берилген.