Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун канча ардагери калганы маалымдалды

Өкмөттөн Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата даярдык тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары, согуштун ардагерлери менен ооруктун эмгекчилерин колдоонун дагы башка жолдорун карап чыгууга тапшырма берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 262 ардагери калды. Былтыр алардын саны 380 болгонун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Улуу Ата Мекендик согушка арналган кинокербен ишин баштайт
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Абылгазиев Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын курган.

Премьер-министр согуштун дээрлик бардык катышуучулары 90 жаштан ашып калганын жана алардын саны жылдан-жылга азайып жатканын белгилеген. Ал ошондой эле согуштун ардагерлери менен ооруктун эмгекчилерин колдоонун дагы башка жолдорун карап чыгууга тапшырма берди.

"Улуу Жеңиштин тарыхый маанисин эске алып, совет элинин эрдигине жана кайратына таазим этүү менен Жеңиштин 75 жылдыгы бүткүл элдик майрам катары белгиленет", — деген өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө республика боюнча өтө турган маданий-массалык жана театралдашкан көрсөтүүлөргө даярдыктар талкууланган.

Мындан тышкары, отурумда Ржев (Россия) шаарында кыргызстандык жоокерлердин эстелигин орнотуу боюнча пландар айтылган. Андан сырткары, Ош шаарында башталып, 8-майда Бишкек шаарында жыйынтыктала турган "Жеңиш оту" марафонун өткөрүү пландалып жатканы белгилүү болгон.

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жыл сайын алчу жөлөк пулун 5 миң сомго көтөрүүнү сунуштаган.