БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Каарман кыздын "Сент-Миррен" кыз-келиндердин футбол боюнча командасынын капитаны Жейн О"Тул экени анык болду.
Жагымсыз кырдаал "Сент-Миррен" менен "Инвернесс" командаларынын беттешүү учурунда жаралган.
Ар бир эле адам салкын кандуулук менен көрө албаган видео YouTube каналына жарыяланды.
"Биздин капитан — күчтүү аялзаты. Аны сындыра албайсыңар, мындай учурда да ал 90 мүнөттүн аягына чейин ойноду", — деп жазган "Сент-Миррен" командасынын өкүлү.
Капитаны кайратынан жазбай аягына чейин ойногону менен "Инвернесске" 0:7 эсебинде утулуп калган.
Футбол учурунда кызыктуу окуялар арбын кездешет. Жакында эле футболчулар жүргөн көк майсанга чуркап чыккан иттин ич жылыткан видеосу жарыяланды.