Балдарын таштай коюп... Кышта сууга чөккөн итин куткарган аялдын видеосу

Алина аттуу аял ит муз үстү менен өрдөктү кууп баратып, муз бүткөндө токтоп калбай сууга секиргенин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Москва облусунун Мытищи шаарында сууга түшүп кеткен итти ээси музду жарып сүзүп барып аман алып калды. Бул туурасында "Москва 24" телеканалы кабарлайт.

Аялдын жаныбарды куткарып жаткан учуру "Мытищи-Live" Instagram аккаунтуна жарыяланган.

Алина аттуу аял ит муз үстү менен өрдөктү кууп баратып, муз бүткөндө токтоп калбай сууга секиргенин айткан. Бирок жаныбар кайра артка чыга албай калган.

"Мен ит өзү жээкке чыга алар деп бир саамга күтүп турдум. Анан ортончу кызым "чөгүп жатат" деп ыйлай баштады. Андан соң жанымдагы кишилерге балдарды карап турушун суранып, сууга секирдим. Сүзүп барып мойнундагы каргысы менен чынжырынан тартып чыга алдым", — деп айткан ал.

Маалыматта иттин ээси Алина үч баланын энеси, педиатор болуп иштээри айтылат.