Балдар үчүн мыкты обон жараткандарга сынак жарыяланды

Сынактын максаты — бакчалардын, музыкалык жана орто мектептердин балдарын музыкага тарбиялоо, репертуарды байытуу болуп саналат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Өлкөдө балдар үчүн мыкты обон жараткандарга республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Сынактын максаты — балдар үчүн тарбиялык мааниси урунттуу чыгармаларды жаратуу, бакчалардын, музыкалык жана орто мектептин балдарын музыкага тарбиялоо, репертуарды байытуу болуп саналат.

Шарттары:

  • Обон жеке ырчынын же хордун аткаруусунда жазылып, CD дискке МР 3 форматында тапшырылышы керек;
  • Чыгарманын ноталары менен диски конвертке салынып, жашыруун ат менен тапшырылат;
  • Чыгармалардын саны үчтөн көп болбошу керек;
  • Жыйынтыгы март айынын аягында чыгарылат.

Сынак атуулдук ырлар жана оюн ырлары болуп эки номинацияда өтөт.