БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. ЕАЭБ товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонууга уруксат бере тургандыгын Евразиялык экономикалык комиссиянын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү чечим ЕЭКтин соңку кеңешинде кабыл алынган. Анда товарды көзөмөлдөөнүн негизинде бажы транзитинин бирдиктүү системасын өнүктүрүү боюнча план бекитилген. Жол картасында 2021-жылдын экинчи жарымында ишке аша турчу 11 иш-чара каралган.
Жаңы макулдашуу долбоорунун алкагында товар ташып бара жаткан унаалардын түрлөрү электрондук навигациялык пломбалардын негизинде аныкталмакчы. Ошондой эле көзөмөл салынган товарлардын категориясына дагы ушул система колдонулат. Келишимге 2021-жылы кол коюу пландалып жатат.
"Мамлекеттер жакынкы убакта товарларды ташып келүүдө навигациялык пломбаларды колдонууну тестирлөө боюнча бир тараптуу же биргелешкен эксперименттерди жүргүзүшөт. Тажрыйбанын жыйынтыгы транзитти көзөмөлдөө системасынын укуктук-ченемдик базасын түзгөнгө жардам берет", — деп айтылат маалыматта.
Бул үчүн өлкөлөр үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталынын аягына чейин көзөмөл системасынын улуттук операторлорун аныкташат.
Мындан сырткары, отурумдун жыйынтыгы менен төмөнкү чечимдер кабыл алынган:
- 19-майда Минскиде Евразиялык экономикалык форум өтөт;
- бирикмедеги жана үчүнчү өлкөдөгү товарларга кошумча нарк салыгын алууда бирдей шарттын каралышы макулдашылган;
- "эт жана эт азыгынын коопсуздугу тууралуу" техникалык регламентке өзгөртүү киргизүү тапшырмасы берилген;
- Фольга металл кагазынын бажы төлөмүнүн нөлдүк коюму 2022-жылдын 31-августуна чейин экендиги айтылды.