ОшМУ мамлекетке канча каражат төгөт? Окуу жайдын киреше булагы

Кыргызстанда жалпы 68 жогорку окуу жайы бар. Алардын 33ү мамлекеттик болуп эсептелсе, 35и — жеке менчик.
Sputnik

Мамлекеттин карамагындагы университеттерден өлкөнүн бюджетине жыл сайын канча каражат бөлүнүп турарын жана мамлекет тарабынан жогорку окуу жайларга канча акча караларын билүү максатында бир катар окуу жайларга баш багууну эп көрдүк.

Бул ирет Ош мамлекеттик университетине кайрылдык. Аталган университет Кыргызстандагы эң ири жана бай тарыхый тажрыйбасы бар жогорку окуу жайлардын бири. Тарыхы Кыргыз ССР Эл комиссарлар Советинин 1939-жылдын 10-августундагы №1142 токтомунун негизинде ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат. 1951-жылы Ош мугалимдер институту СССР Министрлер Советинин № 1759 токтому менен Ош мамлекеттик педагогикалык институту болгон. Президенттин 1992-жылдын 17-июнундагы № 202 буйругу менен Ош мамлекеттик университети болуп кайрадан түзүлгөн.

Аталган окуу жайдын Өнүктүрүү жана инвестициялар департаментинин директору Жанболот Турсунбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

— Университеттин ичиндеги факультет, институттардын саны канча?

— Азыркы күндө ОшМУда 19 факультет, 2 институт, 4 орто кесиптик билим берүүчү колледж, эки академия, жети мектеп-гимназиясы, 2 медициналык клиника, 2 окуу борбору жана 22 эл аралык борбор иш алып барат.

— Жалпы студенттердин канчасы келишимдик негизде билим алат?

— Ош мамлекеттик университети өлкөдөгү ири окуу жайлардын бири. Учурда университетте 35 миңден ашуун студент билим алууда. 2020-жылдын 1-январына карата берилген маалыматтарга таянсак, бюджеттик негизде 1554, келишимдик негизде 32 789 студент окуйт. Мындан тышкары, 1408 магистрант билим алып жатат.

— Контракттан жылына университетке канча каражат түшөт? Жалпы эле киреше булагы тууралуу айтып берсеңиз.

Мамлекет карамагындагы ЖОЖдордон кандай пайда көрөт? КУУнун киреше булактары
— Университетте эң жогорку келишимдик баа медицина факультетинде. Бул тармакта билим алган студенттер жылына 39 миңден 53 миң сомго чейинки келишимдик акы төлөйт. Ал эми эң төмөнкү келишимдик акы педагогикалык адистиктерди окуткан факультетте каралган. Мында студенттер 26 360 сом төлөсө, колледждерде билим алып жаткан студенттердин эң төмөнкү келишимдик акысы 17 500 сомду түзөт.

Жакынкы чет өлкөлөрдөн келген студенттер окуунун келишимдик баасын 150, ал эми алыскы чет өлкөдөн келген балдар 200 пайыз төлөшөт. Ошондой эле коңшу мамлекеттерден келген этникалык кыргыз студенттер Кыргызстандын жаранындай эле окуу төлөмүн беришет. Учурда окуу жайда 1000ге жакын этникалык кыргыз окуп жатат.

ОшМУнун каржылоосунун негизги булактары төмөнкүлөр:

  • Республикалык-бюджеттик каржылоо же мамлекеттик буюртма боюнча (гранттык негизде) кабыл алынган студенттерди даярдоого бөлүнгөн каражаттар;
  • Адистерди келишимдин негизинде даярдоодон келип түшкөн төлөмдөр – университеттин атайын каражаттары;
  • Сырттан келүүчү инвестициялар жана гранттар.

Университеттин жалпы кирешесинин 5 пайызга чейинки бөлүгүн бюджеттик каражаттар түзөт. 90 пайыздан жогорку негизги бөлүгү атайын каражаттардан турат.

— Каражат кандайча бөлүштүрүлөт?

"Түндүк" мамлекеттик порталы кандай кызмат көрсөтөт? 4 суроого жооп
— Контракттан түшкөн акчанын 43 пайызы мугалимдердин маянасына жумшалат. Бизде негизи ички каражаттын эсебинен жаңы окуу имараттары салынып, окуу корпустары капиталдык ремонттон өтүп турат. Калган 57 пайызы социалдык фондго, бюджетке жана башка чегерүүлөргө, окуу имараттарын оңдоп-түзөө иштерине, жаңы имараттардын курулуштарына, ар кандай жабдууларды, материалдык, компьютердик жана башка техникаларды, шаймандарды сатып алууга сарпталат.

— Окуу жай өлкө казынасына канча каражат төгөт?

— Университеттен республикалык бюджетке 2019-жылы 278,1 миллион сом которулган. Келишимдик акыдан 2019-жылы 1 миллиард 594 миллион сом каражат түшкөн. Акыркы беш жыл аралыгында университет өлкө бюджетине 1 миллиард 391 миллион сом которгон. 

ОшМУ мамлекетке канча каражат төгөт? Окуу жайдын киреше булагы

— Мамлекет ОшМУга жылына канча акча бөлөт?

— Мамлекет тарабынан бюджеттик орундарга жылына жалпы 49 миллион сом бөлүнөт. Ал каражаттын басымдуу бөлүгү окутуучулардын эмгек акысына (окладга) төлөнөт.

— Келишим баасы жыл сайын жогорулап турабы?

Өлкөдөн жыл сайын тонналап алтын, күмүш, жез чыгарылат. Чоо-жайы
— ОшМУда факультеттердин контракттык төлөмү 2019-2020-окуу жылында 2018-2019-окуу жылына салыштырмалуу 1,30 пайызга өстү. Бул базар экономикасына, инфляцияга жараша болот. Айрым факультеттерде келишимдик акы жогоруласа, кээ биринде өткөн жылдагы акынын көлөмү сакталып калат. Эске сала кетчү нерсе, көбүнесе окууга жаңы кабыл алынган студенттердин келишимдик акысы жогорулап турат.

Негизи бюджеттик орунда окуган студенттердин саны жылдан жылга төмөндөп баратат, 2015-2016-окуу жылында 2 196 орун берилген болсо, 2019-2020-окуу жылында 1 549 орун бөлүндү. Беш жыл аралыгында бюджеттик орундар 30 пайызга азайган.