Электр энергиянын баасы көтөрүлөбү? Улуттук энергохолдингдин түшүндүрмөсү

Буга чейин холдингдин өкүлү электр энергиясына болгон социалдык тарифти жок дегенде инфляция менен бирге өскүдөй кылып көтөрүүнү сунуштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Күн тартибинде электр энергиянын тарифин көбөйтүү боюнча маселе жок экендигин Улуттук энергохолдингдин маалымат кызматынан билдиришти.

Төртүнчү ирет өткөн "Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий — 2020" конгрессине жана көргөзмөсүнө катышкан холдингдин өкүлү Кубаныч Беков бир киловатт-сааттын өз наркы 169 тыйын болсо, сатылган баасы 136 тыйын экенин айткан. Ошондой эле электр энергиянын көп бөлүгү социалдык тариф боюнча 77 тыйындан сатылат. Ал электр энергиясына болгон социалдык тарифти жок дегенде инфляция менен бирге өскүдөй кылып көтөрүүнү сунуштаган.

"Күн тартибинде электр энергиясына карата тарифти карап чыгуу боюнча суроо болгон жок. Конгресстин алкагында энергетикалык секторду өнүктүрүү жана тармактарга инвесторлорду тартуу боюнча маанилүү маселелер талкууланды", — деп айтылат мекеменин маалыматында.

Исраилов: Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса электр энергиясына муктаждык жоюлат
Конгресстин катышуучулары менен потенциалдуу инвесторлор учурдагы тарифтер инвестициялык салымды жаппай жаткандыгына бушайман экендигин билдиришкен. Ошондой эле тармакка инвесторлорду тартуу боюнча алдыдагы тарифтик реформанын механизмдери тууралуу сүйлөшүлгөн.

"Улуттук энергохолдингдин өкүлдөрү иш-чаранын катышуучуларынын суроолоруна жооп берип жатып тарифтик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр боюнча кеп кылышты", — деп айтылат маалыматта.

Бирок тариф маселеси холдингдин компетенциясына кирбей турганын, ага Мамлекеттик отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги жооп берери кошумчаланды.