Жети-Өгүздө 15 түтүн калың кардан эч жакка каттай албай калды. Сүрөт, видео

Жергиликтүү тургундардын айтымында, каттам токтоп калып, автоунаалар карга тыгылган боюнча чыга албай турат. Жолдогу кардын калыңдыгынан балдар эмес, ат да баса албай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айыл өкмөтүнүн Боз-Бешик кыштагында 15 түтүн калың кардан эч жакка каттай албай калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү жашоочу Мирлан Тынымсейитов билдирип, ал жактан сүрөт, видео жөнөткөн.

Анын айтымында, эки күндөн бери калың кардан улам балдар да мектепке чыга албай калышкан. 

Жети-Өгүздө 15 түтүн калың кардан эч жакка каттай албай калды. Сүрөт, видео
"Эки күн мурда кар жаап, Боз-Бешик айылынан үч чакырым ылдый жактагы жолго бороон үйлөп салган. Ал жакта 15тей түтүн жашайт. Каттам токтоп калып, автоунаалар карга тыгылган боюнча чыга албай турушат. Жолдогу кардын калыңдыгынан балдар эмес, ат да баса албай калды. Маселеге айыл өкмөтү көңүлкош мамиле жасап жаткандай. Болбосо эки күндүн ичинде чечмек да", — деди Тынымсейитов.
Жети-Өгүздө 15 түтүн калың кардан эч жакка каттай албай калды. Сүрөт, видео

Оргочор айыл өкмөтүнүн өкүлү Муктар Касенов маселе боюнча иштеп жатканын айтты.

"Жол кечээтен бери тазаланып жатат. Тургундар айтып жаткан жакты тазалоого чоң техника керек экен. Аны бүгүн жөнөтүп жатабыз. Эртеңкиге чейин маселе чечилип, жашоочуларга шарт түзүлөт", — деп ишендирди Касенов.

Баса, Чолпон-Атада 19-февралга караган түнү катуу кар жаап, бийиктиги 60 сантиметрге жеткен. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, акыркы 10 жыл аралыгында мынчалык көп кар жааган эмес.