Радио

Акматова: Россиядан алып келинчү медициналык автопоезддер эки облуста иштейт

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан автопоезддерди алып келүү боюнча РФ менен 2016-жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп, 2019-жылы келишим түзүлгөнүн айтты.
Sputnik
Акматова: Россиядан алып келинчү медициналык автопоезддер эки облуста иштейт

Аймактардагы жарандардын ден соолугун текшерүү жана кам көрүү үчүн Россия Федерациясынан автопоезддер алып келинет. Бул тууралуу Айнура Акматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алып келинген техника негизинен Жалал-Абад жана Чүй облустарында иш алып барат.

"Өткөн жылы мобилдүү клиникалар төрт облусту кыдырып калктын саламаттыгын текшерген. Бардык аймактарды кыдырып жетишпей калганбыз. Быйыл бул жөрөлгө улантылат. Россия жардам көрсөтүп, дагы бир мобилдүү клиника алып келинет. Ал Баткен облусунда иштей баштайт. Муну менен катар эле ноябрда бардык тийиштүү жабдыктары менен автопоезддер Россиядан алып келинет. Бул боюнча "СПИД Инфосвязь" коомдук фонду менен келишим түзүлүп, тапшырык берүү, ташып келүү боюнча макулдашылды. Алар дагы жер-жерлерде калктын саламаттыгына кам көрүүгө кызмат кылат. Автопоезддин изилдөөчү блогунан тышкары дарыгерлерди ташыганга автобусу дагы бар. Муну дөңгөлөктүү ФАП десе дагы болот. Анда негизинен ооруну аныктоо жана жеңил-желпи медициналык жардамдар көрсөтүлөт," — деди Акматова.

Ошондой эле ал аталган иш-чаралар өкмөттүн "Дени сак адам — дени сак улут" программасынын алкагында аткарылып жатканын кошумчалады.