Дайым жаш болом десеңиз... Адистер карылыкты алдын алчу диетаны аташты

Окумуштуулар 65-79 жаштагы 612 адамды эки топко бөлүп, биринчисин 12 ай бою жер ортолук деңиз диетасына отургузган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жер ортолук деңиз диетасы карылык менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолу. Бул тууралуу окумуштуулардын эл аралык тобу иликтегенин MedicalXpress басылмасы жазды.

Окумуштуулар 65-79 жаштагы 612 адамды эки топко бөлүп, биринчисин 12 ай бою жер ортолук деңиз диетасына отургузган.

Көк чай рактын кайсы түрүн алдын алат? Окумуштуулардын изилдөөсү
Диетанын бул түрү боюнча айта кетсек, анда жашылча-жемишти көп жеп, жаңгак, данек, кесек тартылган ундан жасалган нан жана макаронду пайдалануу каралган. Мында негизинен этти азайтып, балык жана деңиз азыктарына өтүү сунушталат. Ошондой эле бул диетада зайтун майынын ролу чоң.

Жыйынтыгында, диета кармаган топтогу ыктыярчылардын ичеги карындарынын иштөөсү жакшырып, эс тутуму, таанып билүү жөндөмү жогорулаганы байкалган.

Ошондой эле алардын организминде минералдар, C, B6, B9 витаминдери, жез, калий, темир жана магний көбөйгөнү белгилүү болгон.

Адистердин айтымында, мунун баары организмдин жаш бойдон узакка кармалышына шарт түзөт.