Айпери Медет кызы Азия биринчилигинде күмүш медаль алды

Медет кызы курама командага кыздардын ичинен биринчи байгени алып келди. Ал килем бетинде 76 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Индияда өтүп жаткан чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын финалына япониялык Минагава Сузукиге 1:4 эсебинде жеңилип калды. Беттеш UWW сайтында түз эфирден көрсөтүлдү.

Турнир ушул тапта Нью-Дели шаарында болуп жатат. 18-февралда башталган мелдеш 23-февралда жыйынтыкталат. Чемпионаттын программасында грек-рим, кыз-келиндер арасындагы жана эркин күрөш боюнча кармаштар өтөт. Бүгүн турнирдин үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча медалдын беш топтому ойнотулду.

Айпери Медет кызы килем бетинде 76 килограмм салмактагылар арасында күч сынашты.

Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Видео
Спортчу биринчи кармашында өзбекстандык Мухлиса Нормуминованы 11:0 эсебинде жеңген. Тайпалык баскычтын экинчи турунда өзбекстандык балбан япониялык Хирое Минагаве Сузукиге утулуп калган. Натыйжада Сузуки менен Медет кызы жарым финалга чыккан.

Тайпалык баскычтын үчүнчү турунда кыргызстандык спортчу дүйнөнүн вице-чемпиону Минагава Сузуки менен кармашып, ага 0:3 эсебинде жеңилип калган. Анткен менен экинчи орунду алганы үчүн жарым финалга чыга алган.

Ал эми финалга чыгуу үчүн казакстандык Элмира Сыздыкова менен кез келип, атаандашын 4:1 упай эсебинде жер караткан.

Кечээ грек-рим күрөшү боюнча мелдештер жыйынтыкталып, кыргызстандык спортчулар Азат Салидинов менен Жоламан Шаршенбеков күмүш алса, Руслан Царев, Ильяз Ренат уулу жана Роман Ким коло тагынды.