Пресс-борбор

Респонденттин ымандай сырын кантип ачыш керек? Тажрыйбалуу журналисттин кеңеши

19 жылдык тажрыйбасы бар россиялык журналисттин айтымында, маектешүүнүн узактыгы 1 саат 10 мүнөттөн ашпашы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин экономикалык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Ирина Андреева кыргызстандык студенттерге маектешүүнүн жол-жобосу тууралуу кеңеш берди.

Ал SputnikPro эл аралык долбоорунун алкагында "Маек алуунун ыкмасы" темасында журналистика багытында окуган студенттерге мастер-класс өттү. Иш-чара Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборунда болду.

"Кээ бир адамдар сиз менен жакшы тил табышып кеткен учурда гана ичиндеги ымандай сырын айтып бере алат. Кошунаңыз менен сүйлөшүп жаткандай элестетиңиз. Респонденттин маанайы кандай экенин сурап, күнүмдүк эле жөнөкөй суроолордон бирди берип коюңуз. Маектешүү башталгандан кийин кагаздан окуп суроо бербеңиз. Себеби коногуңуз жасалмалуулук менен сүйлөп жатканыңызды аңдап калат", — деди россиялык журналист.

Журналист иш күнүн кантип башташы керек? Россиялык адистин кеңеши
Андрееванын кийинки кеңеши маек алуунун узактыгы боюнча болду.

"Маектешүү канчалык кызык болбосун, кийин дагы сүйлөшө тургандай таасир калтыруу керек. Маектин узактыгы 1 саат 10 мүнөттөн ашпашы шарт. Эгер созулуп кетсе маектешиңиз чарчап, психологиялык жактан алсырап, кетүүгө шаша баштайт", — деди Андреева.

Ал ошондой эле маек бергиси келбей журналисттен качып жүргөн адамды кантип кепке тартуу керектигин айтып өттү.

"Эгер спикер сизге маек бергиси келбей артын салып жатса максатыңызга жетүүдөн кайра тартпаңыз. Убакытты созбой ага биринчи кезекте суроолордун эң маанилүүсүн бергенге ашыгыңыз", — деди ал.

Андреева журналисттин өзүн тыкан алып жүрүүсү дагы мыкты маек алууга шарт түзөрүн кошумчалады.

Ирина Андреева 2001-жылы М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Ошол эле жылы "РИА Новости" агенттигине жумушка орношкон. 19 жылдык эмгек жолунда Москвада жана Россиянын региондорунда, БУУнун Нью-Йорктогу кеңсесинде иштеген.

Соцтармакта кантип популярдуу болуу керек? Россиялык журналисттин мастер-классы
Азыркы тапта Россиядагы жана дүйнөдөгү макроэкономикалык темаларды чагылдырып келет.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.