Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Видео

Шаршенбеков килем бетинде 60 килограмм салмакта күчүн сынады. Ал Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган экинчи кыргызстандык болуп саналат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын финалында утулуп калды. Мелдеш түз эфирден UWW сайтында көрсөтүлдү.

Турнир ушул тапта Нью-Дели шаарында болуп жатат. Кечээ, 18-февралда, башталган мелдеш 23-февралда жыйынтыкталат.

Кыргыз күрөштүн балбандары Көчмөндөр оюнуна жолдомо алуу үчүн мелдешет
Шаршенбеков килем бетинде 60 килограмм салмакта күчүн сынады. Ал финалга чейинки кармаштарында казакстандык, монголиялык жана ирандык балбандарды уткан. Ал эми алтын байге үчүн мелдеште япониялык Кеничиро Фумитага 0:4 упай эсебинде жеңилип калып, күмүш медаль алмай болду.

Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш алган экинчи кыргызстандык спортчу. Биринчи ирет 2006-жылы Канат Бегалиев гана ээ болгон.

Ушул эле турнирде дагы бир кыргызстандык балбан Руслан Царев 72 килограмм салмактагылар арасында коло алды.

Кечээ, 18-февралда, Азия чемпионатынын биринчи күнүндө курама команда бир күмүш жана эки коло медаль уткан.