Шаршембиге карата аба ырайы

19-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарындын көпчүлүк аймактарында, калган облустардын тоолуу райондорунда жана Ош, Жалал-Абаддын тоо этектеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын болот.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Шаршемби күнү, 19-февралда, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жай келип калабы? Март айына карата аба ырайы
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймагында -1…+4, Ысык-Көл жергесинде 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3…+8 градус жылуу, ал эми Нарында -1…-6 градус суук болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борборубузда +2…+4 жана Ошто +3…+5 градуска чейин көтөрүлөт.