БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Өлкөгө кайткан кыргызстандыктарды акыркы үч айда Кытайда болгон-болбогону текшерилип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"Мамлекеттик чек арадан өткөндөр биометрикалык паспорттору аркылуу электрондук дарбаза (E-gate) системасынан текшерилип жатат. Андан кийин акыркы үч айда Кытайга барган-барбаганын аныктоо үчүн жалпы жарандык паспортторун көрсөтүшөт", — деп айтылат маалыматта.
Ушул тапта дүйнө жүзү боюнча COVID-19 коронавирусунан 1 873 адам көз жумду. Ал эми жуктуруп алгандардын саны 73 миңден ашса, 12 745 адам сакайып кетти.
Буга чейин ЖМКлар Японияда кармалып турган круиздик лайнерде вирус жуктуруп алгандардын арасында бир кыргызстандык жаран бар экенин жазып чыгышкан. Бирок ал Sputnik Кыргызстан агенттиги менен байланышканда бул маалыматты четке какты.