Азия чемпионатындагы биринчи байге! Ильяз Ренат уулу коло медаль утту

Балбан баштапкы беттештеринде индиялык жана япониялык спортчуларды утуп, жарым финалда Ирандан келген балбанга жеңилип калган. Атаандашы финалга чыккандыктан үчүнчү орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Ильяз Ренат уулу Индияда өтүп жаткан чоңдор арасындагы Азия чемпионатында коло медаль утуп, улуттук курама командага алгачкы байгени алып келди. Кармаш UWW сайтынын түз эфиринде көрсөтүлдү.

Мелдеш ушул тапта Нью-Дели шаарында болуп жатат. Грек-рим күрөшүн аркалаган Ренат уулу килемде 77 килограмм салмактагылар арасында күчүн сынады.

Кыргыз күрөштүн балбандары Көчмөндөр оюнуна жолдомо алуу үчүн мелдешет
Ал баштапкы беттештеринде индиялык жана япониялык спортчуларды утуп, жарым финалда Ирандан келген балбанга жеңилип калган. Атаандашы финалга чыккандыктан үчүнчү орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Натыйжада кыргызстандык балбан финалда өзбекстандык Бекзод Умаровду 5:0 эсебинде утуп, коло медалга татыды.

Чемпионаттын бүгүнкү бөлүгүндө өлкө атынан Азат Саладинов (87 кг.) биринчи орун үчүн, Роман Ким (130 кг.) коло байге үчүн күрөшөт.