Элди бөлүп-жарууга айыпталган блогер убактылуу кармоо жайына киргизилди

Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери бүгүн, 17-февралда, шектүүнү кармап, тергөө кызматына алып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип 23 жаштагы С.Э. аттуу блогер кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

"Кудаймын" деп депутаттын тынчын алган Арстан Алай текшерилет. Видео
Билдирүүгө ылайык, блогерге карата Жазык кодексинин 313-беренеси ("Аймактар, улуттар аралык же диний, этникалык жана расалык кастыкты козутуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Анын алкагында Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери бүгүн, 17-февралда, шектүүнү кармап, тергөө кызматына алып келген. Андан соң Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылат.

Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө жүрүп жатат.