Бишкек: көчөнүн көркүн бузган павильондордун дизайны өзгөрөт. Эскиз

Учурда "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы борбор калаанын дизайн-кодун дагы иштеп жаткан кези.
Sputnik

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын адистери соодагерлер менен биргеликте павильондордун дизайнын талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Сөз азырынча Бишкектин чок ортосу болгон Москва көчөсүнүн боюндагы павильондор жөнүндө болуп жатат.

"Биздин дизайнерлер соода түйүндөрүнүн бир нече эскизин даярдап, ишкерлерге сунушташты. Натыйжада ишкерлер менен алдын ала келишим түзүлдү. Эми алар күн жылыса эле павильондордун фасадын бирдиктүү стилде жасай башташат", — дешти мэриядан.

Белгилей кетсек, учурда "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы борбор калаанын дизайн-кодун иштеп жатат.