Белгилүү теле алып баруучу Назгүл Кожокулова көз жумду

Кожокулованын көптөн бери ооруп жүргөнү айтылды. Маркумдун артында 22 жаштагы кызы менен 12 жаштагы уулу калды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бүгүн, 16-февралда, белгилүү теле алып баруучу Назгүл Кожокулова дүйнө салды. Кабарды жээни Асел Эркинбаева тастыктап берди.

Журналист көп жыл бою мамлекеттик телеканалдарда иштеп келген. Тууганынын айтымында, Кожокулова көптөн бери ооруп жүргөн.

Маркумдун тажиясы Бишкектин 11-кичи районундагы үйүндө өтүп, сөөгү Орто-Сай айылында жерге берилет.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Назгүл Кожокулованын жакындарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.