Нарын: көк бөрү чемпионатында Жумгалдын улакчылары автоунаа утуп алды

Мелдешке жалпысынан Ак-Талаа, Нарын, Жумгал, Ат-Башы, Кочкор райондорунан жана Нарын шаары менен талаа ээлери Казыбек айылынан жети команда түзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Көк бөрү боюнча Нарын облусунун чемпионатын Жумгал районунун командасы утуп кетти.

Мелдеш бүгүн, 15-февралда, Ат-Башы районунун Казыбек айылында өттү.

Финалда Жумгал районунун командасы Ак-Талаанын улакчылары менен күч сынашып, 3:0 эсебинде жеңип алды.

Ал эми Кочкор районунун көк бөрүчүлөрү 3:2 эсебинде Казыбек айылынын командасын утуп, 3-орунду алды.

Аламан улактын батири талашка түштү. Байыш Ниязов байгеси менен бөлүшмөй болду
Натыйжада баш байгеге Lada 2109 үлгүсүндөгү автоунаа, экинчи орунга тай, үчүнчүгө 10 миң сом ыйгарылды.

Жалпысынан Ак-Талаа, Нарын, Жумгал, Ат-Башы, Кочкор райондорунан жана Нарын шаары менен талаа ээлери Казыбек айылынан жети команда түзүлгөн.

Мындан сырткары, эр сайыш, кыз куумай, тыйын эңмей, жигитовка сыяктуу ат оюндары жана салбуурун өттү.

Оюндарды Казыбек айылынын жаштары Улуттук спорттун түрлөрү дирекциясы жана Ат оюндары федерациясынын колдоосу менен уюштурган.