Ысык-Көл: үйүндө курал сактаган киши колго түштү. Сүрөттөр

Милиция эгер жарандар мыйзамсыз сакталган куралдарды өз ыктыяры менен тапшырышса, кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Нововознесеновка айылынын 70 жаштагы М.П. аттуу тургунунун үйүнөн көп сандаган куралдар табылды. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти. 

Ысык-Көл: үйүндө курал сактаган киши колго түштү. Сүрөттөр

Маалыматка караганда, РИИБдин кызматкерлерине "Бык" аттуу каймана аты бар киши үйүндө курал сактап жүргөнү тууралуу кабар түшкөн. Буга байланыштуу 13-февраль күнү анын үйүндө санкциялаштырылган тинтүү иштери жүргүзүлгөн. 

Ысык-Көл: үйүндө курал сактаган киши колго түштү. Сүрөттөр
"Шектүүнүн үйүнөн сайлуу жана сайсыз эки мылтык, "аммонит" үлгүсүндөгү 8 даана жарылуучу зат, 84 даана ок-дары, ошондой эле 6 даана текенин мүйүзү табылды", — дешти милициядан.
Ысык-Көл: үйүндө курал сактаган киши колго түштү. Сүрөттөр

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренеси («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралганга чейин Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ак-Суу райондук милициясынын башчысы Улан Канаевдин айтымында, аймакта "Арсенал" операциясы өтүүдө. Анын алкагында курал сактаган адамдар аныкталат. Эгер жарандар мыйзамсыз сакталган куралдарды өз ыктыяры менен тапшырышса, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.