Жээнбеков менен Путин февралдын соңунда Кремлде кайчылаш жылды ачат

Эки мамлекеттин кайчылаш жылын өткөрүү чечими РФ президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын расмий ачылышы 27-февраль күнү Москвадагы Кремль залында өтөт. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду эки өлкөнүн бизнес долбоорлорун каржылайт
Билдирүүгө ылайык, салтанатка эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин катышуусу күтүлүп жатат.

Эскерте кетсек, былтыр жылдын 28-мартында Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн башчылары тарабынан 2020-жылды кайчылаш жыл деп жарыялоо чечими кабыл алынган. Анын алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүү каралган.