Быйыл дыйкандар эмнелерди эксе болот? Айыл чарба министрлигинин кеңеши

Министрлик быйыл дыйкандарга пахта, төө бурчак, кант кызылчасы, жүгөрү, пахта, соя жана жасмык (чечевица) сепкиле деп сунуштап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Быйыл Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги фермерлерге түрдүү өнөр-жай тармагына сырье катары колдонулуучу өсүмдүктөрдү өстүрүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Эркинбек Чодуев Sputnik агенттигине билдирди.

"Быйыл пахта, төө бурчак, кант кызылчасы, жүгөрү, пахта, соя жана жасмык (чечевица) сепкиле деп сунуштап жатабыз", — деди министр.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду эки өлкөнүн бизнес долбоорлорун каржылайт
Мындан тышкары, ал картошка быйыл мурдагыдан азыраак эгилерин кошумчалады. Мисалы, 2018-жылы дыйкандар 84 миң гектарга картошка себишкен. Ал эми былтыр 79 миң гектарга, 2020-жылы бул дагы сегиз миң гектарга кыскартылды.

Белгилей кетсек, мурдагы жылы министрлик дыйкандарга коңшу өлкө менен келишим түзүлгөнүн айтып, картошка эгүүнү сунуштаган. Бирок кийин тонналаган картошка жарытылуу баага өтпөй, дыйкандар чыгымга учураган.