Капкара дубалдар. Бишкектеги май сакталган жердин өрттөнгөндөн кийинки видеосу

Бишкекте бир күндүн ичинде бензин сатылган контейнер, күйүүчү май сакталган кампа жана эмерек цехи өрттөнүп кетти.
Sputnik

Кампа Жибек Жолу проспектиси менен Тимирязев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. Алдын ала маалыматка караганда, турак үйдө күйүүчү май сакталып турган. Өрт 12-февраль күнү саат 20:40тар чамасында башталган. Төрт сааттан кийин өрт чектөөгө алынса, эртеси күнү саат 11:10до өрт толугу менен өчүрүлгөн.

ӨКМ башчысынын орун басары менен куткаруучулары канча айлык алары айтылды
Жалын 2 600 чарчы метрди жалмап, коңшу үйгө да жармашкан. Бирок куткаруучулар аны убагында өчүрүүгө жетишкен. Жерине атайын 10 бөлүм тартылган. Өрттү өчүрүү иштерин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков өз көзөмөлүнө алган. Мындан сырткары, жеринде медиктер, милиционерлер, электриктер жана газ кызматынын өкүлдөрү болгон. Жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар эсептелип жатат.

Бул Бишкекте жана Бишкектин четинде болгон бир күндүн ичиндеги үчүнчү ири өрт болуп эсептелет. Ошол эле күнү саат 18:30дар чамасында эмерек цехи күйүп кетсе, күндүз бензин сатылып жаткан контейнерден өрт чыккан.