SputnikPro спорт журналисттерин, комментаторлор менен блогерлерди чакырат

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс.
Sputnik

БИШКЕК, 12-февраль, Sputnik агенттигинин маалымат кызматы. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Россиянын мыкты спикерлери менен жолугушууларды өткөрүүнү улантууда. Адистер SputnikPro билим берүү программасынын алкагында тажрыйбалары менен бөлүшөт.

18-февраль күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда спорт жаатын чагылдырган журналисттер, комментаторлор жана блогерлер үчүн "Аз чыгым менен окуяны мыкты чагылдыруу", "Спорт өтө эле олуттуу деп ким айтты?", "Трейлер – бул кино жөнүндө гана эмес. Материалды аудиторияга сатууга кандайча жардам берет" аттуу темалар боюнча мастер-класс уюштурулат.

Спикерлер:

  • Александр Калмыков – Р-Спорт редакциясынын жетекчиси;
  • Василий Конов — "Россия Сегодня" эл аралык агенттигинин аткаруучу директору, журналист, теле алып баруучу жана спорттук комментатор.

Иш-чарага катышуу үчүн 14-февраль саат 17.00гө чейин 0312 986933, 986938 номерлери аркылуу каттоодон өтүү керек. Мастер-класс бекер өткөрүлөт.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.