Хабиб Нурмагомедов аралаш мушташ боюнча дүйнөнүн мыкты мушкери аталды

Мыкты 10 мушкердин арасында жаңы зеландиялык спортчу Исраэль Адесанья, АКШнын намысын коргоп беттешкен Камару Усман, Деметриус Жонсон жана Тони Фергюсон да бар. Австралиялык Александр Волкановски да мыктылардын катарына илинген.
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов аралаш мушташ боюнча дүйнөнүн мыкты мушкери аталды.

Sherdog маалыматтык порталы дүйнөдөгү 10 мыкты мушкердин рейтингин жарыялаган. Анын алдыңкы сабынан Хабиб Нурмагомедовду көрүүгө болот. Америкалык спортчулар Жон Жонсон менен Генри Сехудо экинчи, үчүнчү орунга илинишкен.

Шевченко чемпиондугун коргоо боюнча Нурмагомедовдон ашып кетти
Андан кийин тизменин алдыңкы сабында, тагыраагы төртүнчү, бешинчи орунда Стип Миочич менен Даниель Кормье турат. Мыкты 10 мушкердин арасында жаңы зеландиялык спортчу Исраэль Адесанья, АКШнын намысын коргоп беттешкен Камару Усман, Деметриус Жонсон жана Тони Фергюсон да бар. Австралиялык Александр Волкановски да мыктылардын катарына илинген.

Эске салсак, Нурмагомедов 18-апрелде Нью-Йоркто UFC 249 турниринин алкагында Тони Фергюсон менен беттешет.

Баса, UFC уюмунун президенти Дана Уайт ирландиялык мушкер Конор Макгрегор россиялык Хабиб Нурмагомедов менен чемпиондук кур үчүн кайрадан беттеш өткөрө турганын жар салган.

Эки мушкердин биринчи беттеши 2018-жылдын октябрь айында болгон. Анда россиялык мушкер каршылашын жеңип, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоп калган. Быйыл 18-январда Лас-Вегаста өткөн турнирде Макгрегор америкалык Дональд Серронени нокаут менен утуп алган эле.