Абылгазиев вице-премьерлик кызматка Мадумаровду сунуштады

Жеңиш Разаков кечээ үй-бүлөлүк себептерден улам өз ыктыяры менен вице-премьерлик кызматтан кетүүгө арыз берген.
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьерлик кызматка Акрам Мадумаровду сунуштады.

Учурда анын талапкерлигин парламентте көпчүлүк коалиция карап жатат. Абылгазиев сунуштаган талапкерин өзү тааныштырды.

Устанын тогосу жок. Кадр кызматы 10 айдан бери директору жок отурат
Акрам Мудумаров өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектечү. Ал кечээ өз ыктыяры менен арыз жазып кеткен Жеңиш Разаковдун ордуна көрсөтүлүүдө.

Разаков Sputnik Кыргызстандын кабарчысына үй-бүлөлүк себептерден улам вице-премьерлик кызматын тапшыруу чечимин кабыл алганын айткан.

Ал буга чейин күч түзүмдөрү жана чек ара маселелерин тескеп келген.