БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. БШК жергиликтүү кеңешке шайлоо өнөктүгүнө карата шаарларда добуш берүүчүлөрдүн саны кескин өсүп кетти деген маалыматты текшерет. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Эске салсак, 12-апрелде Ош, Токмок, Балыкчы, Каракол жана Майлуу-Суу шаарларында жана башка бир катар жергиликтүү кеңештерде шайлоо өтөт.
Бекматовдун айтымында, шайлоо боло турган шаарларга келип, каттоодон өтүп жаткан адамдардын саны кескин өсүп жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө.
"Биз мындай нерселерди каттоого албайбыз, бул Мамлекеттик каттоо кызматынын иши. Биз Мамкаттоонун жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жыйын куруп, шайлоочулардын саны жасалма жол менен көбөйүшүнө жол бербөө маселесин талкуулайлы деп жатабыз", — деди Бекматов.
Ал ошондой эле БШК Мамкаттоого шайлоо өтө турган шаарлардагы шайлоочулардын алдын ала тизмесин берүүнү суранып, кат жолдогонун билдирди. Бул маалыматтардын негизинде анализ жүргүзүүгө болот.