Россия Канттагы базага абадагы кол салуудан коргонуучу техника орнотмокчу

РФ коргоо министринин орун басары Мамдумада сүйлөп жатып Бишкектин жанындагы авиабазанын статусу жөнүндө Кыргызстан менен протоколду ратификациялоодогу жаңычылдыктарга токтолду.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Россиянын коргоо министринин орун басары — статс-катчы Николай Панков Кыргызстандын Кант шаарындагы аскер базага абадагы кол салуудан коргонуучу техника орнотуу планы коюлгандыгын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Агенттиктин маалыматына караганда, Панков Мамлекеттик Думада Россия менен Кыргызстандын Канттагы аскер базасынын макамын жана ал жерде жайгашуу шарттары боюнча протоколду ратификациялоо боюнча сүйлөгөн.

"Пландалган иштин алкагында жакынкы аралыкта биргелешкен россиялык аскер базасынын курамына киргизип, пилотсуз учкан аппараттарды колдонуу бөлүгүн уюштурууну пландап жатабыз. Кийинки этап ЖККУнун Кант шаарындагы аскер базасына абадагы кол салуудан коргонуучу техника орнотуу иши болот. Мындан сырткары, Кант аэродромундагы инфраструктуралардын объектилери оңдоп-түзөлөт", — деди Панков.

"Кант" авиабазасы пулеметтуу "Урал" унаалары менен толукталды
2019-жылдын декабрында Владимир Путин Мамдумага Россия менен Кыргызстандын ортосундагы аскер базасы боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизген протоколду ратификациялоону тапшырган. Бул Россияга аскерий базанын курамына пилотсуз учкан аппараттар бөлүгүн киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.

"Кант" авиабазасы Кыргызстанда 2003-жылдын октябрында ЖККУнун тез арада аракетке келүүчү авиациялык компоненти катары ачылган. Анда Су-25СМ учактары жана Ми-8МТВ тик учактары бар.