Мушкер кыз каршылашын аңтара тепти. Видео

Эки америкалык мушкер Канзас-Сити шаарында беттешкен. Жерге сулап жатып калган спортчуну рефери өзүнө келтирген.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Аралаш мушташ (MMA) Invicta FC 39 турнирине чыккан америкалык мушкер Эрин Бланшфилд укмуштуудай соккусу менен жеңишке жетти.

Айланып туруп жаакка тепти! Шевченко катышкан турнирдин укмуштуу ирмемдери
Беттештин видеосу UFC Fight Рass Twitter аккаунтуна жарыяланды. RT телеканалынын билдиришинче, америкалык спортчу АКШдагы Канзас-Сити шаарында өткөн турнирде Виктория Леонардо менен беттешкен.

Экинчи раундда Бланшфилд чабуул жасап, атаандашын кулак түпкө тээп сулаткан. Катуу соккудан улам жерге жатып калган Викторияны бир саамдан кийин рефери өзүнө келтирген.

Бланшфилд спорттук карьерасында беш жолу жеңишке жетип, бир ирет жеңилүү ызасын тарткан.