Кытайдан чыккан коронавирустун айланасындагы абалды жасалма курчуткан маалыматтарды жайына койсок, өткөн жуманын башкы жаңылыгы Россия менен Белоруссиянын газ жеткирүү жана нефтинин транзити боюнча кайым айтышуусу болуп калган шекилдүү. Минск жыл башынан тарта түшүнүксүз позицияны ээлеп, кошумча жеңилдик алуу үчүн соодалашып, Россиянын нефть казуу тармагына тиешелүү салык реформасынын жыйынтыгын кабыл алуудан баш тартууда. Жагдайды Сочидеги жолугушуу да жөнгө сала алган жок, болгону талкууланып, күн тартибинен жарым-жартылай алынды.
Түзүлгөн кырдаалдын чоо-жайын жакшылап түшүнүү үчүн Польшанын жалпы энергетика структурасын, анын көмүр менен байланышын билүү керек.
Польшанын дээрлик бүт тарыхы, өнүгүүсү дал ушул көмүр менен тыгыз байланышта. Өлкө көмүргө абдан бай, энергетика тармагында басым отундун ушул түрүнө да жасалганы жөн эмес.
Илгери экологияга ашкере тынчсыздангандардын басымынан улам көп мамлекеттер көмүр казуудан баш тарткан маалда Польша ошол боюнча эле калган. БУУнун декабрдагы экология боюнча саммитинде Матеуш Моравецкий өз позициясын так, даана көрсөткөн. Көмүр — өлкөнүн энергетикалык коопсуздугунун өзөгү, андан баш тартууга каржылык да, техникалык да негиз жок. Позициясын бекемдөө үчүн саммит алдында Злочев шаарында күрөң көмүр кени салтанаттуу ачылган. Аймак өтө чоң болгондуктан ал жактан үч миңге чукул үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келген.
Мындан эки эле жыл мурун көмүрдүн импорту менен экспорту дээрлик теңме-тең болчу. Жергиликтүү көмүр казган компаниялар чет өлкөлөргө жылына орточо 10 миллион тоннага чукул көмүр сатса, болжол менен ушунча көлөм сырттан — Россия, Австралия, Мозамбик, анан албетте, АКШдан кирчү. Мындай схема польшалык шахтёрлорду да иш менен камсыздап, индустриянын тигил же бул тармагына да керектүү көмүрдүн түрү түшүп турчу.
Бирок 2018-жылы өкмөт чет жактан көмүр сатып алуунун көлөмүн кескин көбөйтүп, 20 миллион тоннага жеткирип жиберген. 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 12,3 миллион тонна көмүр сатып алынса, анын сегиз тоннасы Россиядан болчу. Мындай жол менен өкмөт узакка созулчу суукка кам көрмөкчү болгон. Бирок күз аяктап, андан кийин келген кыш өзгөчө жылуу болду. Көмүр кампаларында отундун ири запасы калып, жергиликтүү көмүрдүн да эч кимге кереги жок болуп калды. Мындан улам Силезиянын шахтёрлору жумушсуз калган. Ким күнөөлүү болуп калды деп ойлойсуз?
Жаңылык россиялык көмүр казуучулар үчүн жагымсыз эле. Анын үстүнө былтыркы жыл анча жакшы жыйынтыкталган эмес. Балким мындай көрүнүш көмүрдү кайра иштетүү, аны байытуу жана метан алуу жаатындагы иштерди иретке келтирүүгө, сапатын жакшыртууга өбөлгө болор.
Дагы бир нерсе. Албетте, эки мамлекеттин ортосундагы мамиле тууралуу айтпай коюуга болбойт. 18-майда "Ямал" газ түтүгү аркылуу Польшага газ жеткирүү келишиминин мөөнөтү соңуна чыгат. Варшава жаңы келишимге муктаж эмес экенин, бардык керектөөсүн АКШнын суюлтулган жаратылыш газы менен жаба турганын бир нече ирет айтып келген. Россиялык "Газпром" унчуга элек. Өткөрүү жөндөмдүүлүгү 32 миллиард куб метрди түзгөн магистралды ушуну менен жаап коюшары күмөн. Демек, бул көрүнүштү ар бир тарап өз мүмкүнчүлүгүн караштырып, атаандаштын кийинки кадамын божомолдогон чоң толкун алдындагы тынчтык деп баалоого болот.
Күн тартибинен Белоруссия түшөрү менен анын ордун Польша басат. Дипломатиялык чыңалуу мындан да күчөйт окшоп калды.