Унаа оңдогон жайдан чыккан өрт өчүрүлүп, кырсыктан бир киши жабыркады

Кырсык болгон жерде беш өрт өчүрүүчү бөлүм иштеди. Мындан тышкары, ИИМ кызматкерлери менен Тез жардам тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бишкекте автоунаа оңдоочу жайдан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бир киши ууланып шаардык ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Буга чейин жалындын чектөөгө алынганы айтылган болчу.

“Унаа оңдоочу жайдан чыккан өрт саат 17.46да толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 26 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, Тез жардам кызматынын кызматкерлери шаардык ооруканага алып кетишкен. Абалы канааттандырарлык”, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн саат 14.52 чамасында өрт өчүрүүчүлөргө Күрөңкеев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Жеринде беш өрт өчүрүүчү бөлүм иш алып барганы айтылган.

Ошондой эле ИИМ кызматкерлери жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган.