Бишкекте унаа оңдоочу жайдан чыккан ири өрт чектөөгө алынды. Видео, сүрөттөр

Кырсык катталган жайда беш өрт өчүрүүчү бөлүм иштеп, бир сааттан кийин жалын чектөөгө алынганы кабарланды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкектеги унаа оңдоочу жайдан чыккан өрт саат 15.45те чектөөгө алынды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бүгүн саат 14.52 чамасында өрт өчүрүүчүлөргө Күрөңкеев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Жеринде беш өрт өчүрүүчү бөлүм иш алып барганы айтылат.

Ошондой эле ИИМ кызматкерлери жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган.

Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Кырсыктын келип чыгуу себеби азырынча айтыла элек.