Улуттук банк 31 млн. доллар сатты. Резервге таасири кандай болот

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Улуттук банктын алтын жана валютанын көлөмү 2,4 миллиард доллардан көп болгон, бирок январдын аягында банк 31 миллион доллар сатты.
Sputnik

БИШКЕК, 7-фев — Sputnik. Январдын аягында Кыргызстандын алтын резервинин көлөмү 2 миллиард 431,8 миллион долларды түзгөндүгүн Улуттук банктын сайты кабарлады.

Доллардын баасы 70 сомго чукулдады. Себептери жана божомол
Бул — маалыматтар ачык жарыялана баштаган 2002-жылдан берки рекорддук көрсөткүч.

Мурунку рекорд декабрдын аягында коюлуп, анда өсүү 7,8 миллион долларды түзгөн.

Белгилей кетсек, Улуттук банк 31-январда доллардын курсун кармап туруу үчүн 31 миллион доллар саткан.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүндүгүн берет. Резерв 10дон ашык валютадан, СDR (эл аралык акча бирдигинин төлөм каражатынан жана жасалма резервден — атайын карыз алуу укугу) жана алтындан турат.