Стамбулда үчкө бөлүнүп кеткен учактын конуп жаткан видеосу жарыяланды

Кырсыктан үч адам каза таап, 179 адамдын жабыркаганы айтылды. Учак Pegasus авиакомпаниясына таандык болчу. Видеону Түркиянын DHA маалымат агенттиги жарыялаган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кадрлардан катуу ылдамдыкта бара жаткан лайнердин учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, кулаганын көрүүгө болот.

Измир — Стамбул каттамы боюнча келе жаткан учак үчкө бөлүнүп кеткен. Акыркы маалымат боюнча, үч киши каза таап, 179 адам жаракат алган.

Жалпы жонунан бортто 183 адам бара жаткан. Анын эки баланы кошкондо 177си жүргүнчү, алтоо экипаждын мүчөсү болгон. Алдын ала айтылган божомолдор боюнча, кырсыкка аба ырайынын бузулушу себеп экени айтылды.