БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Алдын ала маалымат боюнча, Айдар Акаевдин сөөгү 8-февраль күнү Москвада жерге берилет. Бул тууралуу үй-бүлөнүн жакын адамдары билдирди.
Эскерте кетсек, Аскар Акаевдин 44 жаштагы уулу Айдардын 5-февраль күнү жүрөгү кармап каза болгону айтылган.
Айдар Акаев үч баланын атасы болчу.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Айдар Акаев тууралуу бир катар фактыларды даярдады.