Бир ажалдан калган. Вице-премьер болчу Эркин Асрандиев тууралуу 7 факт

Бүгүн Жогорку Кеңеш Эркин Асрандиевдин талапкерлигин вице-премьерликке колдоп берди. Ал буга чейин Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп келген.
Sputnik

Асрандиевдин толук кандуу кызматка киришүүсү үчүн президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы зарыл.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өкмөттүн экономика, инвестиция тармагын жана ЕАЭБдеги маселелерин тескей турган Эркин Асрандиев тууралуу фактыларды чогултту.

Чүйдүн кулуну

Эркин Асрандиев 1976-жылы 1-апрелде Чүй облусунун Кара-Балта шаарында төрөлгөн.

Экономист катары өсүшү

1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн. 1996-2008-жылдары бир катар кызматтарда экономист, финансист, алдыңкы адис, башкы адис, бөлүм башчы болуп иштеген. 2008-жылдан тарта өкмөт аппаратынын ишкердик жана туризм, экономиканы башкаруу жана финансы бөлүмүнүн башчысы, президенттик администрациянын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти кызматын аркалаган.

2009-2013-жылдары "ФинансКредитБанк КАБ" ачык акционердик коомунун Бишкектеги филиалынын директорунун орун басары, анан директору, андан кийин ААКнын төрагасы болгон.

Бир ажалдан калган. Вице-премьер болчу Эркин Асрандиев тууралуу 7 факт

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондуна келиши

2016-жылы фонддун башкаруучулугунун мүчөсү болуп эмгектенген. Бир жылдан кийин төрага болуп дайындалган. Ага чейин бул кызматты Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов аркалаган.

Спортко жакын

Мурда бокс менен машыккан. Бирок телеканалдардын бирине берген маегинде эки чыканагын тең оорутуп алгандыгына байланыштуу спорттун ал түрүн таштап салганын айтып берген. Акыркы жылдары сууда сүзүүгө берилип кеткенин белгилеген. Бир нече ирет Ысык-Көлдүн ар кайсы жерин сүзүп өткөн.

Сууга чөгүп кете жаздап...

Былтыр жайында Эркин Асрандиев жалпы элди санаага салды десек болчудай. Тагыраагы, 2019-жылы 31-августта Ысык-Көлдү сүзүп өтүүдө жоголуп кеткен. Аны саат 18:00дөрдө аба ырайы бузулуп, бороон-чапкын башталганда Тору-Айгыр (күнгөй бети) менен Кара-Талаа (тескей бети) айылдарынын ортосунан таппай калышкан. Асрандиевди издөөгө эки теплоход, бир катер жана ӨКМдин 17 куткаруучусу тартылган. Саат 00.20ларда Асрандиев аркы өйүзгө сүзүп чыгып, эки сааттан кийин куткаруучуларга жолуккан. Ал кол сунуп, санаа тарткандарга ыраазычылык билдирип, издөө иштерине кеткен чыгымдын ордун толтуруп берген.

Айлыгы 700 миң сом дешкен...

Социалдык тармактарда Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Эркин Асрандиевдин айлык маянасы 700 000 сомду түзөт деген сөздөр тарап, талкуу жаралган.

"Элдик Медиа" порталынын журналисттери Асрандиевдин өзүнөн комментарий алышкан.

Ал 700 000 сом айлык алат деген кеп чындыкка дал келбей турганын билдирип, чындыгында маянасы андан аз экендигин айткан. Бирок так суммасын атаган эмес. Ошол эле убакта фонддо иштегендердин айлыгы мамлекеттик кызматтарда иштегендердикине караганда жогору экендигин кошумчалаган.

Жеке жашоосу

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Асрандиев телеканалдардын бирине берген маегинде уул-кыздары сууда сүзүүгө кызыгарын айтып берген.