Парламент Асрандиевди вице-премьерликке, Аскаровду ӨКМ башчылыгына жактырды

Эл өкүлдөрү талапкерлерден кызматка дайындалгандан кийин жасай турган пландарын сурашты. Натыйжада экөөнү тең колдоп беришти.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган талапкерлерди колдоду.

Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү болуп дайындалды
Вице-премьерликке көрсөтүлгөн Эркин Асрандиевге 99 депутат "макул" деген добуш берсе, бирөө "каршы" болду.

Ал эми өзгөчө кырдаалдар министрине сунушталган Замирбек Аскаровго 100 депутат "макул" десе, бирөө "каршы" деген добуш берди.

Асрандиев Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп келген. Кызматка дайындалгандан кийин экономика, инвестиция жана ЕАЭБдеги маселелерди тескейт.

Ал эми Замирбек Аскаров 2018-жылдын апрелинде Абылгазиевдин командасы менен келип, вице-премьерлик кызматын аркалап жаткан.