КР аэропортторун тышкы башкарууга кандай шарт-талап менен берери айтылды

Учурда аэропортторду тышкы башкарууга берүү долбооруна тиешелүү документтерди даярдоо менен Эл аралык финансы корпорациясы алектенүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы Кыргызстандагы бардык аэропорттор тышкы башкарууга берилсе, кандай шарттар коюларын түшүндүрүп берди.

Билдирүүгө ылайык, "Манас эл аралык аэропорту" ААКсынын бардык акциялары жана инфраструктурасы толугу менен Кыргызстандын колунда калат.

"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизиндеги долбоор ишке киришкен күндөн кийин акциялар менен инфраструктуранын жаңы объектилери дагы мамлекеттин карамагында болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Ирандын борбору Тегеранга Бишкектен самолёттор түз уча баштады
Учурда аэропортторду тышкы башкарууга берүү долбооруна тиешелүү документтерди даярдоо менен Эл аралык финансы корпорациясы алектенүүдө. Өкмөттүн маалыматына караганда, ал Дүйнөлүк банк тутумунун мүчөсү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча өкмөттөрдү консультациялоо боюнча тажрыйбасы мол.

Эске салсак, Кыргызстандагы бардык аэропорттор, анын ичинде "Манас" менен "Ош" ири аэропортторун тышкы башкарууга берүү пландалып жатканын 27-январь күнү биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирген.

Өкмөттөн түшүндүрүшкөндөй, шарт боюнча компания банкрот болгондо же кризис учурунда тышкы башкарууга берилет. Мисалы, жетекчилик ката кетирип, каражатты максатсыз пайдаланса же жумушчулардын квалификациясы өтө төмөн болсо ушундай кадамга барууга туура келет.

Бирок министрлер кабинетинин чечимине башка нерсе себеп болгон. Бийлик Кыргызстанды Түштүк-Чыгыш Азия менен Европаны бириктирген транзиттик түйүнгө айландырууну каалап жатат.