Жээнбеков Ухандагы кыргыздарды алып келгени үчүн Токаевге ыраазычылык билдирди

2-февралда коронавирустун очогу Уханда калган 18 кыргыз студенти Нур-Султан шаары аркылуу мекенине алып келинген.
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.

Президенттер эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулап, жакынкы келечекке карай пландарды белгилешкени айтылат. Ошондой эле Жээнбеков Кыргызстандын жарандарын Кытайдын Ухань шаарынан Бишкекке алып келүүгө көмөктөшкөнү үчүн Токаевге ыраазычылык билдирген.

Кыргызстан коронавирус чыккан Кытайга гуманитардык жардам берүүгө белсенүүдө
Эске салсак, кыргыз тараптын кайрылуусу боюнча 18 мекендеш Ухань шаарынан Нур-Султанга Казакстан тараптын жардамы менен жеткирилип, андан ары аларды мекенине Бишкек шаарынан барган атайын учак алып келген. Учурда алар Бишкектин четиндеги ооруканалардын биринде карантинде турушат.

Соңку маалымат боюнча, Кытайда коронавирус жуктурган 361 адам каза таап, 15 миңге чукул киши ооруп жатат. Бейтапканадан айыгып чыккандардын саны — 340. Аталган илдет Кытайдан тышкары 25тей мамлекетке жетип, 100дөн ашык адам жуктурган.