Өзгөн: таңкы автокырсыктан 7 адам өрттөнүп кетти

Өрттү өчүргөндө автоунаанын ичинен 7 кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар маркумдарды Өзгөн райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирген.
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылындагы автокырсыктан кийин чыккан өрттөн жети киши каза тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкекте эки автобус кагышып, кишилер жаракат алды. Сүрөт
Жээнбеков көчөсүндө Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай электр мамычасын сүзүп, өрт чыккан. Кырсык 3-февралда таңкы саат 03:30 чамасында болгондугу кабарланды.

Кырсык болгон жерге алты куткаруучу, бир Тез жардам бригадасы жана милиция кызматкерлери барган.

Өрт саат 4:18де чектөөгө алынып, саат 4:35те толук өчүрүлгөн. Автоунаанын ичинен 7 кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар маркумдарды Өзгөн райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирди.