Апта ирмеми: көз күйдүргөн кыздардан тарта "кылым келишимине" каршы акцияга чейин

Sputnik

Иордан деңизинин батыш жээгиндеги Вифлеем шаарында АКШ президенти Дональд Трамптын "кылым келишимине" каршы акция өттү.

Освенцимдин мурдагы туткуну концлагердегилердин Советтик Армия тарабынан бошотулушунун 75 жылдыгына арналган иш-чарасына катышты.

Нигериянын Лагос шаарындагы базарда ири өрт катталды.

Малага шаарында Испаниянын "Гойя" улуттук кинопремиясы менен сыйлоо аземи болду.

Бейрут (Ливан) шаарында саясий элитага каршы нааразычылыктар өттү.

Кийимден тартып, көтөрүп чаап... Дзюдо боюнча КР чемпионатынан 12 сүрөт
Окумуштуулар DKIST телескобунун жардамы менен Күн планетасын дал үстүнөн тартып алышты.

Европадагы кооз жана шаңдуу майрамдардын бири — Ниццадагы карнавалга даярдык башталды. Шаар ага алты айдан бери камынып, чыгармачылык менен иштеп жатышат.

Лос-Анджелесте (АКШ) "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу иш-чарасы болду.

Москвадагы Нагатинск жайылмасында "Кыялдагы арал" тематикалык паркы ачылууда. Анын аянты 300 миң чарчы метр келип, Европадагы жана Азиядагы үстү жабык ири парктардын бири болмокчу.

Лос-Анджелесте 27-январга караган түнү легендарлуу баскетболчу Коби Брайант өзүнүн тик учагында кырсыкка учурап көз жумду. Аны менен бирге 8 киши, ошондой эле 13 жаштагы кызы каза тапты.

1 / 17
Аял дубалга суюк боёк менен тартылган сүрөттү тиктеп турат. Картинада тик учак кулаганда каза тапкан белгилүү америкалык баскетболчу Коби Брайант менен анын кызы Жианна түшүрүлгөн
2 / 17
Йемендин мурдагы президенти баккан ургаачы арстанды Сана шаарындагы зоопаркта таптап жаткан учур
3 / 17
Гонконгдун көчөсүндө бет капчан жүргөн кишилер
4 / 17
Освенцимдин мурдагы туткуну концлагердегилердин Советтик Армия тарабынан бошотулушунун 75 жылдыгына карата арналган иш-чарага катышкан
5 / 17
Эл Лагос шаарында жайгашкан Балогун базарында өрттөн калган товарларды ташууда
6 / 17
Малага шаарында өткөн Испаниянын "Гойя" улуттук кинопремиясынын алып баруучулары
7 / 17
Палестинанын полициясына жаңы алынгандар өз жөндөмдөрүн Газа шаарындагы окуу сессиясында көрсөтүүдө
8 / 17
Ливандын Бейрут шаарында саясий элитага каршы нааразычылыкка чыккан аял аскер жоокеринин колун кармап жатат
9 / 17
Америкалык астрономдор DKIST телескобу менен Күн планетасын дал үстүнөн тартып алышты
10 / 17
Көгүлтүр жээктин боюнда Европадагы кооз жана шаңдуу майрамдардын бири — Ниццадагы карнавалга даярдык башталды. Шаар ага алты айдан бери камынып, чыгармачылык менен иштеп жатышат.
11 / 17
Москвадагы Нагатинск жайылмасындагы "Кыялдагы арал" тематикалык паркынын ачылышына даярдык көрүүнүн соңку баскычтары. Анын аянты 300 миң чарчы метр келип, Европа жана Азиядагы үстү жабык ири парктардын бири болмокчу.
12 / 17
Ырчы жана актриса Ариана Гранденин Лос-Анджелесте өткөн "Грэмми" премиясына катышкан учуру
13 / 17
30-31-январь күндөрү Бишкекте өткөн дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионатына катышкан спортчулар
14 / 17
Мурманск облусундагы түндүк жаркыроосу
15 / 17
Россиянын "Беллинсгаузен" антарктидалык станциясы жайгашкан Кинг-Жорж аралында "Янтарь" океанографиялык изилдөө кемеси менен Балтика флотунун "Адмирал Владимирский" иликтөө кемесинин жолугушуусу.
16 / 17
Британиянын Честер шаарындагы зоопарктагы хамелеон
17 / 17
Вифлеем шаарында АКШ президенти Дональд Трамптын "кылым келишимине" каршы акцияга чыккан демонстрант. Экинчи күнү Трамп "кылым келишимин" иштеп чыгуунун жыйынтыгы тууралуу жар салган. Долбоор аймактарда чыр-чатактарга чекит коюу үчүн Израиль менен Палестинанын ортосундагы макулдашуу болуп саналат. Планда Палестина мамлекетин түзүп жана аны куралсыздандыруу, ошол эле учурда Израиль Иордан деңизинин чыгыш жээгин көзөмөлдөйт, ал эми Иерусалим анын ажырагыс борбору бойдон калмакчы.