Жаныбарларды атууга тыюу салган мораторий кабыл алынса, браконьерлерди ооздуктап турган мергенчилер коомунун өкүлдөрү да аңчылык кыла албай калышат. Алардын кызыкчылыгы болбогон соң браконьерлерди көзөмөлдөгөнгө шык бере турган эч нерсе жок болуп калат. Мындай пикирин Арстан Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Ысык-Көл менен Соң-Көлдө беш жылга балык кармоого тыюу салган мораторийдин кесепети кейиштүү болуп, чектөө тескери эффект берген.
"Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште көтөрүлүп жаткан сейрек жаныбарларды атууга тыюу салган мыйзам долбоорунун кереги жок. Себеби пайдасынан зыянын көп тартып калабыз. Ысык-Көл менен Соң-Көлдө беш жылга балык кармоого тыюу салган мораторийди мисал келтирсек болот. Мораторий ишке киргени жергиликтүү балыкчылар көлдөрдү карабай калышкан. Анткени кызыкчылык жок. Ал эми көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик органдар тескегенге жетишпей жатат. Алар бир айда ашып кетсе эки жолу гана рейдге чыгышат. Натыйжада мыйзамсыз балык кармоо тескерисинче өркүндөп, учурда Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балыктардын саны кескин кыскарып кетти. Жаныбарларды атууга тыюу салган мораторийдин да натыйжасы ушундай болот. Жергиликтүү эл жана мергенчилер коомдору менен биргеликте браконьерлерге каршы турууга өбөлгө түзүш керек. Токойчулардын укуктарын кеңейтип, алардын айлык акысын жогорулатуу зарыл. Мына ушул сыяктуу чараларды колдонуп гана сейрек жаныбарларды сактап кала алабыз ", — деди Кадыров.
Эксперт илбирс өңдүү Кызыл китепке кирген жырткычтардын азыгы болгон аркар-кулжа, эчки-теке, элик, марал-бугу өңдүү жаныбарлардын санын көбөйтүү керектигин кошумчалады.