Төлөгөн салыгын да жазыш керек! Декларация тапшыруу эрежеси өзгөрдү

Буга чейин декларанттар ээлик кылган мал-мүлкү жана киреше-чыгашасы тууралуу гана отчёт берип келген.
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу эрежесине өзгөртүү киргизилди. Бул туурасында Салык кызматы маалымдады.

Өзгөртүүлөр боюнча ушул жылдын 23-январында өкмөттүн токтому чыккан.

Жаштарды жумушка алган ишкананы салыктардан бошотуу сунушталды. Жол-жобосу
Ага ылайык, мындан ары декларанттар салык төлөп иштетип жаткан объектисин көрсөтөт, бир жылда мүлккө жана жер тилкесине төлөгөн салыгынын эсебин берет.

Бул эрежелер 1-февралга чейин декларация тапшыргандарга тийиштүү эмес. Андан кийинкилер жогорудагы белгиленген пункттарды кошуп толтуруусу шарт.

Бирдиктүү салык декларациясынын жаңы формасын Салык кызматынын сайтына кирип толтурууга болот.

Белгилей кетсек, буга чейин декларанттар ээлик кылган мал-мүлкү жана киреше-чыгашасы тууралуу гана отчёт берип келген.