Россияда эмгектенген кыргызстандыктар көп таба башташабы? Серепчилердин пикири

Саясат таануучулар, ЕЭК кызматкери жана ардактуу консул ЕАЭБдин кыргызстандыктар үчүн артыкчылыгын, Россияда иштөөгө мигранттар кантип даярданууга тийиш экендигин жана биримдиктин рыногундагы жарышта Кыргызстан кандай учурларда утулуп каларын айтып берди.
Sputnik

Өлкөгө каражат булагын тастыктаган документсиз эле акча которуу чеги айына 150 миң сомго чейин көбөйтүлүшү Россияда иштеген кыргызстандыктарга кандай таасир этери жөнүндө макала жарыялаганбыз. Мекендештер бул көрүнүш мигранттар мурункудан көбүрөөк табуусуна өбөлгө түзөрүнө үмүт артарын билдиришкен.

Журналист серепчилердин Россиядагы кыргызстандыктардын келечеги жана 2020-жылы Кыргызстанга аталган мамлекеттен акча которуу кырдаалы боюнча божомолдорун тыңдады.

Оңтойлуу жагдай

Саясат таануучу, "Пикир" регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы Шерадил Бактыгулов Россиянын Кыргызстанга карата миграциялык саясаты абдан либералдуу экенин белгиледи. 

Россияда эмгектенген кыргызстандыктар көп таба башташабы? Серепчилердин пикири
"Мында Кыргызстан Россия үчүн биринчи кезекте ЕАЭБ боюнча өнөктөшү экенин эске алуу керек. Башкача айтканда, Россия Казакстан, Армения жана Белоруссия жарандарына кылган мамилени биздин жарандарга да жасайт. Биз мигрант эмес, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн эмгекчилери экенибизди түшүнгөнүбүз маанилүү. Бул макам биздин жарандарга чектеш же экономикасы өнүгүп келе жаткан алыскы чет өлкөлөргө салыштырмалуу РФ аймагында иштөөгө жеңил режимди камсыз кылат", — деди Бактыгулов.

Анын айтымында, кыргызстандыктар орус тилинен экзамен тапшырышпайт, иштөө үчүн патенттин зарылдыгы жок.

Акча которууга коюлган чек көбөйдү. Мекендештерге таасири кандай болот?
"Казакстан менен Армениянын айдоочуларынан айырмаланып Кыргызстандын жарандарына мыйзам улуттук айдоочулук күбөлүк менен айдоого жол берет. Биздин жарандар үчүн "кара тизмеден" чыгарууга мунапыс кабыл алынганын да унуткарбоо зарыл. Бул багытта азыр биздин дипломаттар иш алпарууда. Акча которуу боюнча чекти 150 миңге чейин жогорулатуу дагы Кыргызстанга болгон лоялдуулуктун көрсөткүчү", — дейт саясат таануучу.

Ал бизнести жүргүзүү жана капиталды ооштуруу үчүн ЕАЭБде жакшы шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

"Кыргызстандыктардын акча которуулары республиканын ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүнө барабар экенинен баарыбыз кабардарбыз. Дүйнөлүк банктын маалыматына таянсак, бул чет жерде эмгектенген гана эмес, өзү үчүн иштегендердин да капиталы. Башкача айтканда, акчанын булагы мигранттардын тапканы гана эмес, чакан жана орто бизнестин ыкчам төлөмдөрү. Тилекке каршы, банктарда которуулардын кеңири статистикасын жүргүзүшпөйт. Кандай болгон күндө да ЕАЭБ мейкиндигинде ишкердик чөйрөсүн алга жылдыруу аракеттери өз жемишин берүүдө. Маселен, россиялык жана биримдиктин башка өлкөлөрүнүн кыргызстандыктарга иш бере турган кеңселерин бизде да ачууга болот. Мунун баары Кыргызстандын экономикасына акчанын келишине таасир этеринен шек жок", — деп түшүндүрөт серепчи.

Мигранттар мыйзамдуу жолго түшөт

Евразиялык экономикалык комиссиянын Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин тышкы байланыш бөлүмүнүн башкы адиси Бакай Маканбаев акча агымынын эркиндиги Евразиялык биримдиктин принциптеринин бири экенин айтып берди.

"Ооба, бүгүн акча которууда чектөөлөр коюлган. Бирок чектөөнүн өтө жүйөлүү себептери, анын ичинде коопсуздук маселелери жана мыйзамга жат ишмердик жүргүзгөн каржылык уюмдар бар", — деди Маканбаев.

Адис Кыргызстанга биздин жарандар жөнөтчү каражатка бул чек олуттуу тоскоол жаратпайт деп эсептейт. Мындан тышкары, иштин мындай жагдайы кыргызстандыктар үчүн туруктуу жумушта мыйзамдуу түрдө иштөөсүнө өбөлгө түзүп, мамлекетке да, өздөрүнө да чоң артыкчылык болот.

Себеби расмий түрдө иштөө менен алар өздөрүнө пенсиялык чегеримдерди камсыз кылат, акча ЕАЭБ келишими боюнча интеграциялык биримдиктин ар бир өлкөсүндөгү иштеген жылдары үчүн төлөнө баштайт.

Ичтен көз караш

Кыргызстандын Түштүк Сахалиндеги ардактуу консулу Владимир Трофимовдун айтымында, россиялык иш берүүчүлөргө бүгүн мыйзамсыз мигранттарды иштетүү пайдасыз. 

Россияда эмгектенген кыргызстандыктар көп таба башташабы? Серепчилердин пикири
"Жалпысынан мунун баары ЕАЭБ мейкиндигинде кыргызстандыктарга ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүнөн кабар берет. Бирок Россияга аттангандарга даярдык менен келүү оң экенин эскерткибиз келет. Эрежелерди үйрөнүп, тийиштүү багытта, анын ичинде ишке орношуу боюнча мыйзам жана маселелер менен алдын ала таанышып алуу дурус. Тилекке каршы, жаңы келгендердин россиялык турмушка көнө түшкөн мекендештери тарабынан эле алданып калуу учурлары жок эмес. Кыргызстандагы мамлекеттик органдарды, ЖМК жана коомдук ишмерлерди ушул маселелерге терең көңүл бурууга чакырар элем", — дейт сахалиндик бул киши.

Ал Сахалинде иштеген кыргызстандык эмгекчилердин турмушунда чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын да кошумчалады.

Шамшиев: мигранттардын 200 миңдей баласы соцкызматтарды колдоно албай жатат
"Менин жердештерим биз жакка туура 20 жыл мурун келе башташкан. Ошол кезде Сахалинде газды суюлтуучу заводдун курулушу башталып, жумушчу күчкө талап күч эле. Ушул жылдар аралыгында миңге жакын кыргызстандык Россия жарандыгын алды. Көпчүлүгү 10 жылдан ашуун ушул жерде жашашат, убактылуу деген ойдо эң башта кара жумуштарды да кылышты. Акырындап, жергиликтүү турмушка сүңгүп, эми кыргызстандыктар бул жакта кафе, дүкөн ачып, башка бизнес менен да кызуу алектенип калышты", — деди Трофимов.

Айтымында, курулуш тармагында иштегендер эмгек даражасын алда канча жогорулатып алышты.

"Ушул тапта Сахалинде курулуш тармагы жана тейлөө чөйрөсүн дээрлик биздин мекендештер колго алган. Кыргыздар тейлөө багытында гана ийгиликке жетишпестен, медицина, билим берүү өңдүү жогорку квалифицикациялык тармактарды да багындырууда. Менимче, орус тилине расмий макам жарыялоо, башкача айтканда, ишкердик баарлашуу тилине айлантуу менен КР бийлиги кыраакылык кылган", — дейт консул.

Мигранттар КРге салым салууга даяр

Кыргызстандыктар жандана иштеп, дурусураак маяна ала баштады деген пикирге саясат таануучу Марс Сариев да кошулат. Айтымында, Россияда эмгектенгендердин которгон акчасы — республиканын экономикасына кыйла чоң салым. 

Россияда эмгектенген кыргызстандыктар көп таба башташабы? Серепчилердин пикири
"Биздин ишкерлер ал жакта бутуна туруп, анан мекенде ишкана ачып, бүтүндөй аймактардын абалын көтөрүп, инфраструктураны жандандырууда. Кезегинде Түркия дагы Германиядагы мигранттарынан улам өз экономикасын көтөргөндөй, Кыргызстандын экономикасы да миграциянын эсебинен өнүгүүдө", — деди Сариев.

Серепчи Россия мындан ары да Кыргызстанга тилектеш бойдон каларын белгилейт.

Элди чет жакка мыйзамсыз жиберип турган. Бишкектеги фирманын иши тергелүүдө
"ЕАЭБге мүчөлүктү эске ала турган болсок, бул өз ара байланыштар андан ары да тереңдеп, өнүгө берет. Бирок эскертип койчу нерсе — мындай жагымдуу жагдай түбөлүк эмес. Кыргызстандыктар аталган биримдикке кирердин алдында өзгөчө жеңилдиктерди толук көлөмдө пайдалана албай калганда бир уттурду, андан соң өз маалында ЕАЭБдин ветеринардык, өндүрүштүк жана башка стандарттарына ылайык келтирүүгө үлгүрбөй калды. Башкача айтканда, биздин бизнес жаңы көрүнүштөргө көнүп кете албай, бүгүн рынокто Россия, Белоруссия жана Казакстан басымдуулук кылып жатканына күбөбүз. Бирок ЕАЭБдин 180 миллиондук рыногун өздөштүрүүгө али да мүмкүнчүлүк бар. Рыноктон өз ордубузду таап алуу үчүн тездик менен менен умтулууга тийишпиз. Буйдалууга болбойт, Өзбекстандын биримдикке кириши күтүлүүдө. Алар баарын калчап, баалап, ЕАЭБдин рыногуна чыгууга эмитен даярдык көрүшүүдө. Ал эми бул Кыргызстанга бир топ кыйынчылык жаратары турулуу иш. Бизге салыштырмалуу Өзбекстандын миграциялык дарамети кубаттуу экенин, ушул тапта да ЕАЭБдин рыногуна миллиард долларлык айыл чарба азыктарын чыгарарын эске алсак, дагы уттурбоо үчүн жигердүү кадамдарга баруубуз шарт", — деп түшүндүрөт саясат таануучу.

Анын айтымында, быйыл деле мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары мурдагыдай уланат.

"Которуулардын өлчөмү чектин жогорулашы жана башка факторлордон улам бир аз көбөйүшү да мүмкүн. Бирок бул агымдын нугун сабаттуулук менен экономиканы өнүктүрүүгө бурууга тийишпиз, маселен, агротармакты жакшыртуу, өнөр жай жана ушул өңдүү багыттарды жаратуу зарыл. Ошондуктан бийлик бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө тийиш, мигрант ишкерлер Кыргызстандын экономикасына акча салууга эбак даяр болуп калган", — деди Сариев.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеген кыргызстандыктарга аталган биримдиктин пенсиялык келишими боюнча серепчилердин пикирлери менен да таанышыңыз.