Үйдүн каракталышы. Милиция Мирбек Атабековдун дооматына жооп берди

Милиция шектүүнү колго түшүргөн. Ал соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Бирок кийин ага карата козголгон иш токтотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноду деген шек менен кармалган адамга карата козголгон кылмыш иши токтотулганын маалымдады.

Кечээ күнү Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти ЖМКлардын бирине интервью берип жатып, милиция жабырлануучу тарапка кабарлабастан шектүүнү кое берип салганын билдирген. Ырчы шектүүнүн унаасынан апасынын үйүнөн жоголгон зер буюмдар табылганын белгилеп, ызаланган.

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Казак" камакка алынды
Эске салсак, 2019-жылдын 6-майында ырчынын апасы Дариха Абдрахманова милицияга кайрылып, түндө анын үйүнө кирип, акча талап кылып, тапанча такап коркуткандарга карата чара көрүүнү суранган. Кылмышкерлер 60 миң доллар, 15 миң сом жана баалуу буюмдарды алып кеткен.

Сентябрь айында Бишкек ШИИББ 25 жаштагы шектүү Караколдо кармалганын маалымдаган. Соттун чечими менен ал эки айга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында милиция кызматкерлери далил болчу буюмдар жоголуп кетпесин деп шектүүнүн унаасын башка күнгө калтырбай тез арада тинтүүгө алышкан. Натыйжада автонун ичинен зер буюмдар табылып, жабырлануучу тааныган.

Бирок өткөн жылдын 4-сентябрында камакка алынган кишинин адвокатынын өтүнүчү менен күбөлөр суракка алынып, алар кылмыш болгон күнү шектүү үлпөт тойдо жүргөнүн билдиришкен.

"Соттун чечими чыкканга чейин презумпция сакталышы керек. Ар бир шек санаткан жагдай айыптоочу тараптын пайдасына кетет. Бирок соттун чечими божомолдордун негизинде чыкпайт. Кармалган киши артисттин апасынын үйүнө киргени далилденген жок, буга байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулду", — дешти милициядан.

Кечкисин жалгыз чыкпагыла! Кайгуул милициясы мектептерде сабак өттү
Шектүү кылмыш болгон күнү Ысык-Көлдө үйлпөт тойдо жүргөн деген видеого объективдүү баа берилиши үчүн чет өлкөгө экспертизага жиберилмей болду. Анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет.

Белгилей кетчү жагдай, 2018-жылдын 24-декабрында Кара-Жыгач конушунда ноутбуктар менен смартфондорду уурдады делген киши кармалган. Ал милицияга көрсөтмө берген кезинде Атабековдун апасынын үйүн карактады делген киши анын шериги экенин билдирген. Бул факты өзүнчө өндүрүшкө алынды.