БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстан медициналык бет каптардын тышка чыгарылышына тыюу салып жатканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн вице-премьер Алтынай Өмүрбекова коронавирус өлкөгө жайылып кетишин алдын алуу боюнча жыйын өткөрүп, анда бет каптардан алып-сатарлар пайда көрүп жаткандыгы тууралуу маселе көтөргөн.
"Отурумдун жүрүшүндө Казакстан, Кытай жана Россия экспортко убактылуу тыюу салганы белгилүү болду. Өлкө бул мамлекеттерден бет кап алдырчу. Буга байланыштуу Кыргызстан дагы бет каптардын сыртка ташылышына тыюу салат", — деп айтылат маалыматта.
Өмүрбекова алып сатарларга карата чара көрүүгө тапшырма берип, бет каптын баасы жогорулабашы керектигин айткан.
Отурумдун катышуучулары дарыканаларда бир колдоно турчу бет каптар, вируска каршы препараттар жана дезинфекциялык каражаттар жетиштүү санда экендигин билдиришкен. Саламаттык сактоо министрлиги жакынкы убакта коргоочу каражаттарды Түркия, Корея жана Индиядан импорт кылууну пландап жатат.